Президент соттордун кеңири ротациясын өткөрдү

КР Президенти Садыр Жапаров жергиликтүү соттордун 338 судьясын ротациялоо тууралуу жарлыкка кол койду, деп билдирди өлкө башчынын басма сөз кызматы.

«Таламдардын, коррупциялык тобокелдиктердин кагылышуусун болтурбоо, жергиликтүү соттордун судьяларынын ишинде калыстыкты камсыз кылуу максатында жана КР Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбековдун сунушунун негизинде жергиликтүү соттордун айрым судьялары ротацияланды», – деп айтылат маалыматта.

Маселен, тизме боюнча Алмаз Абдугапаров Оштон Чүй облустук сотуна, Айзада Оторбаева Ысык-Көл райондук сотунан Баткенге, Абжалбек кызы Зарина Нарын облусунун Ат-Башы райондук сотунан Кадамжайга жөнөтүлгөн.

Алар КР Конституциясында каралган калган мөөнөттө ушул жергиликтүү соттордо өз ыйгарым укуктарын аткарышат.

Жалпысынан бул процесс, жарыяланган маалыматтарга караганда, 338 жергиликтүү сотторго тиешелүү.

Толук тизме менен президенттин сайтынан таанышууга болот.

Добавить комментарий