
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров «The Independent» гезитине берген маегинде мөңгүлөрдүн эриши жана табигый суунун запастарынын азайышы боюнча пикирин билдирди.
«Мөңгүлөрдүн эриши жана табигый суунун азайышы жакынкы катастрофага алып келиши мүмкүн», — деди президент.
Өз маегинде мамлекет башчысы климаттын өзгөрүшүнүн тоолуу мамлекеттердеги элдерге тийгизген кыйратуучу таасири көп учурда көз жаздымда калып жатканын айтты.
«Дүйнө кооптуу кесепеттерге алып келген глобалдык климаттын өзгөрүшүнө туш болууда», — деди ал.
«Бул өзгөчө бизге, тоолуу өлкөлөргө тиешелүү, анткени бул көйгөйлөр бир кыйла динамикалуу жана спецификалык: мөңгүлөрдүн эриши жана табигый суунун запастарынын кыскарышы жакынкы кырсыкка алып келиши мүмкүн. Ошондуктан эл аралык коомчулук климаттын өзгөрүшүнөн катуу жапа чеккен тоолуу өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн муктаждыктарына өзгөчө көңүл буруп, климаттын өзгөрүшүнө каршы аракеттенүүдө “климаттык адилеттүүлүк” концепциясынын маанилүүлүгүн эстен чыгарбашы керек.
Кыргызстанда он миңге жакын мөңгү бар. Акыркы жыйырма жылда биз суу ресурстарынын акырындык менен кыскарышына алып келген кылым карыткан мөңгүлөрдүн кайтарылгыс эришине күбө болдук», — деп белгиледи Президент.
Мамлекет башчысы журналист менен болгон маегинде бул көйгөйдү коомчулукка жеткирүүгө чечкиндүүлүгү өзгөчө актуалдуу экенин, анткени ал өлкөнүн тоолуу аймагында чоңоюп, ал жактагы экология кандай өзгөрүп жатканын өз көзү менен көргөнүн айтты.
«Мен туулуп-өскөн айылыма бат-баттан барып, мөңгүлөр көз ачып-жумгуча жок болуп кеткенине күбө болом. Муну Глазгодо көтөргөнүмдүн себеби, мен климаттын өзгөрүшүнүн биздин тоолорго тийгизген таасирине күбө болуп жатам.
Эл бул тууралуу климаттын өзгөрүшүнүн башка мамлекеттерге тийгизген таасири катары айтышпайт, анткени алар Кыргызстан сыяктуу өлкө жана бул жердеги көйгөйлөр тууралуу билишпейт. Эгер бул Улуу Британия же АКШ сыяктуу чоң мамлекет болсо жана аларда ушундай көйгөйлөр болсо, анда баары башкача болмок. Эл аралык коомчулук бизди байкабайт, бирок байкаш керек», — деп баса белгиледи Садыр Жапаров.