Президент КРнын элчилерин жана башкы консулдарын дайындоолорго кол койду

Мамлекет башчысынын басма сөз кызматы Президент Жапаров тарабынан чет мамлекеттердеги элчилерди жана башкы консулдарды дайындоо жөнүндө жарлыктарга кол коюлгандыгын жарыялады.

Ошентип, мамлекет башчынын жарлыктарына ылайык:

– Базарбаев Таалай Чолпонбекович – КРнын Италия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси жана БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму, БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы жана Эл аралык айыл чарбасын өнүктүрүү фондундагы туруктуу өкүлү болуп дайындалды;

– Карагулов Азамат Омарбаевич – КРнын Кувейт Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды;

– Султанов Талант Кушчубаевич – КРнын Түркмөнстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды;

– Арипов Назарали Турдалиевич – Казакстан Республикасынын Алматы шаарындагы КРнын Башкы консулу болуп дайындалды;

– Сыдыкова Лира Эсенгуловна – КРнын Түркия Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулу болуп дайындалды.

Ошол эле учурда, КРнын Президентинин жарлыктары менен:

– Мукашев Данияр Муратбекович – КРнын Италиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызматынан бошотулду;

– Алымкулов Алисбек Толбашиевич – КРнын Алматы шаарындагы Башкы консулунун кызматынан бошотулду;

– Абдрахманов Нурлан Асеинович – КРнын Стамбул шаарындагы Башкы консулу кызматынан бошотулду.

Добавить комментарий