Президент коронавируска каршы Коопсуздук Кеңешин чакырды

Бүгүн Сооронбай Жээнбеков бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилеринин, Бишкек шаарынын мэринин катышуусу менен Коопсуздук Кеңешинин тар деңгээлдеги жыйынын өткөрөт.  Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда коронавирустук инфекциянын өлкөдө жайылышын алдын алуу жана социалдык-экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө маселе каралат.

 Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, вице-премьер-министр Эркин Асрандиев, саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдыкаримов жана мамлекеттик кызматкерлер коронавирустун жайылышына каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар, экономикага терс таасирди азайтуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жана жолдору жөнүндө маалымат угушат. Өлкөдөгү экономикалык жигердүүлүктү жандандыруу.

Жалпысынан республика боюнча коронавирустун 708 учуру катталган.

Добавить комментарий