Президент ЭКЖБ боюнча мыйзамга кол койду

Садыр Жапаров кол койгон “Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө” мыйзам энергиянын кайра жаралуучу булактарын (ЭКЖБ) пайдалануу менен электр энергиясын өндүрүү жана берүү процессинин бардык катышуучуларынын өз ара аракеттенүү механизмин түзөт.

Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзамды Жогорку Кеңеш 16-июнда кабыл алган.

«ЭКЖБны тездетип өнүктүрүүнүн максатка ылайыктуулугу электр энергиясынын жетишсиздигинен, ЭКЖБны республиканын экономикалык өнүгүүсүнө жана отун балансына киргизүү зарылчылыгы менен шартталган. ЭКЖБнын базасында жаңы кубаттуулуктарды ишке киргизүү маселеси курч турат. Энергиянын кайра жаралуучу булактарынын жаңы технологиялары атаандаштыкка жөндөмдүү энергия менен камсыз кылуу, айлана-чөйрөгө жана адамдардын ден соолугуна тийгизген терс таасирин азайтып, жеткиликтүү, ишенимдүү, туруктуу жана заманбап энергия булактарына универсалдуу мүмкүнчүлүктөрдү ачат», – деп айтылат маалыматта.

Мыйзам төмөнкүлөрдү камсыз кылат:

ЭКЖБ менен байланышкан мамилелерди жөнгө салуу;

ЭКЖБ жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги принциптери;

ЭКЖБны пайдалануунун экономикалык жана уюштуруучулук-укуктук механизмдерин.

Добавить комментарий