Премьер-министр БУУга ыраазычылыгын билдирди

Премьер-министр Кубатбек Боронов COVID-19 пандемиясынын алдында Кыргызстандын элдерин бириктирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов 2020-жылдын 10-сентябрында #Сакта #Защити улуттук маалыматтык өнөктүгүнүн башталышына байланыштуу жарандарга кайрылуусунда билдирди, деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы.

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жана жеке өзүмдүн атымдан БУУнун Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнө жана эл аралык өнөктөштөргө Өкмөттүн демилгелерин колдогондугу жана коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча актуалдуу маселелерди чечүүгө көмөктөшкөндүгү үчүн, ошондой эле пандемиянын кесепеттеринен эрте айыгып кетүү үчүн терең ыраазычылыгымды билдирем.

#Сакта #Защити деп аталган Улуттук маалыматтык өнөктүктү өткөрүүдө Сиздин өз ара аракеттенишиңиз жана өнөктөштүгүңүз мамлекет үчүн жана биздин өлкөнүн ар бир жараны үчүн чоң мааниге ээ. #Сакта өнөктүгү – өнөктөштөрдүн тилектештигинин мисалы.

Бул акция мекендештердин өмүрүн коргоого багытталган. Бул Өкмөт, дарыгерлер, жарандык активисттер жана ыктыярчылар күн сайын күрөшүп келишкен жана күрөшүп жатышат. Учурда оорунун көрсөткүчтөрү төмөн, бирок вирус дагы деле болсо арабызда, эпидемиологиялык коопсуздук жөнүндө унутпоо керек.

Улуттук маалымат өнөктүгү калкты ден-соолукту чыңдоо чаралары, иммунитетти чыңдоо, коронавирустуктан кийинки калыбына келтирүү, айрыкча күз-кыш мезгилинде эпидемиологиялык кырдаалдын начарлашын эске алуу менен калкты маалымдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин уландысы болуп саналат.

Акция COVID-19 терс таасири жөнүндө, анын ичинде ден-соолукту коргоо чараларын сактоо, фейк жаңылыктардын жайылышына каршы туруу жөнүндө калктын маалымдуулугун жогорулатууга багытталган. Акциянын дагы бир маанилүү максаты – коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүүдө жамааттын биримдигин чыңдоо. Бул үчүн жөнөкөй санитардык ченемдерди сактоо менен – ​​өзүнүн ден-соолугун жана башкалардын ден-соолугун коргоодо жарандык аң-сезимдин жана жоопкерчиликтин көрүнүшү талап кылынат – маска кийүү, аралыкты сактоо, колду көп жууп, белгилер байкалганда өзүн изоляциялоо. Жалпы күч-аракет жана жакшы тартип менен гана бул ооруну жеңүүгө болот.

Улуттук маалыматтык программанын жүзөгө ашырылышы өлкө калкына оң таасирин тийгизип, аларды сергек жашоо образына жана ден-соолукту сактоонун эрежелерин сактоого үндөйт деп ишенем.

Бардык жарандарга чың ден-соолук жана бакубат жашоо каалайм!”

Добавить комментарий