Онлайн сүйлөшүүлөр: Сооронбай Жээнбеков жана Токаев бир катар маселелерди талкуулашты

Мамлекет башчылары, ошондой эле, кыргыз-казак эки тараптуу кызматташтыгынын, анын ичинде коронавирустук инфекциянын жайылышына каршы туруу жаатындагы маселелерди талкуулашты..

Бүгүн Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин ортосунда телефон аркылуу сүйлөшүү болуп өттү, деп билдирди мамлекет башчынын басма сөз кызматы.

Президенттер кыргыз-казак эки тараптуу кызматташтыгынын, көп тараптуу уюмдардын жана ассоциациялардын алкагындагы кызматташуунун келечектүү маселелерин талкуулашты жана жакынкы келечектеги пландарды белгилешти.

Жээнбеков менен Токаев коронавирустук инфекциянын жайылышын алдын алуу боюнча биргелешкен чараларды көрүү маселеси боюнча пикир алмашышты.

Акыркы маалыматтар боюнча, Казакстанда 3964 коронавирус инфекциясы катталган.1084 адам коронавирус инфекциясынан айыгып, 27 адам көз жумган.

Добавить комментарий