Нуржамал Ильясова ЕЭК департаментинин директорунун орун басары болуп дайындалды

Евразия экономикалык комиссиясынын басма сөз кызматы мекендешибиздин жетекчи кызматка дайындалганын жарыялады.

Нуржамал Ильясова ЕЭКтин бизнести өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары болуп калды.

Маалымат үчүн! Ильясова 1998-2016-жылдары Кыргызпатентте ар кандай кызматтарда иштеген.

2020-жылдан 2021-жылга чейин – КР Экономика министрлигинин ЕАЭБ координациялоо башкармалыгынын башчысы.

1999-жылы Бишкек гуманитардык университетин, 2004-жылы Кыргыз-Орус Славян университетин аяктаган.

Фото: Нуржамал Ильясованы ЕЭКте департаменттин директору кылып дайындоо жөнүндө буйрукка кол коюлду

Фото: Нуржамал Ильясованы ЕЭКте департаменттин директору кылып дайындоо жөнүндө буйрукка кол коюлду

 

Добавить комментарий