Москвадагы кыргыз диаспорасынын жаңы жетекчиси дайындалды

Ачык булактардан 36 жаштагы Кубанычбек Осмонбеков Москвадагы жана Москва облусундагы кыргыз диаспорасынын төрагасы болгону белгилүү болду.

Осмонбеков Ысык-Көл районунун Фрунзе айылында төрөлгөн. Ал Туризм академиясынын бүтүрүүчүсү.

2007-жылдан бери Москвада жашап, иштеп келет.

Осмонбеков КР жана РФнын Эл аралык Ишкерлер Ассоциациясын негиздеген жана профессионалдык ММА AIKOL FC лигасынын президенти. Мындан тышкары, ал КР Президентине караштуу чет өлкөлөрдөгү мекендештер менен байланыш боюнча мүчө.

Добавить комментарий