Милиция Бишкекте нааразылык акциясына чыккан оогандыктарды таркашын суранат

Бишкектин укук коргоо органдары ооган качкындарын үйлөрүнө кетүүгө чакырды.

Адамдар БУУнун Бишкекте жайгашкан имаратына документтерин ала албай жатканына нааразычылык билдирүү үчүн барышкан.

Милиционерлер акцияны токтотуудан баш тарткан учурда качкындарды кармоого аргасыз болорун эскертишти.

Борбор калаанын Биринчи Май РИИБдин башчысынын орун басары Жумадыл Шералиев чогулгандарга мэриянын массалык чогулуштарга тыюу салган токтомун окуп берди. Документте коронавирустун пандемиясына байланыштуу убактылуу тыюу киргизилгени айтылат.

Бүгүн Ооганстандан келген качкындар кайрадан Бишкекке нааразычылык акциясына чыгышты. Бул жолу алар БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн имаратына чогулушту.

Алар АКШга, Канадага же Батыш Европа өлкөлөрүнө кирүүгө жана бул үчүн керектүү документтерди берүүгө уруксат берүүнү талап кылышууда. Чогулгандардын айтымында, алардын арасында акыркы 20 жылдан бери Кыргызстанда расмий макамы жок жүргөндөр бар.

Буга чейин алар АКШ элчилигинин имаратындагы акцияга барышкан. 18-августта митингчилер БУУнун Кыргызстандагы кеңсесине чогулушту. Алар же аларга Кыргызстандын жарандыгын берүүнү, же башка мамлекетке багыттоону суранышкан.

23-августта Кыргызстан Ооганстандын жарандарына виза берүүгө чектөө киргизген. Бул чаралар Ооганстан Ислам Республикасындагы туруксуз аскердик-саясий кырдаалды эске алуу менен, ошондой эле керексиз адамдардын КРнын аймагына кирүүсүн жана качкындардын массалык түрдө кирүүсүн болтурбоо максатында кабыл алынды.

Добавить комментарий