“Мекенчил” шайлоого катышат

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына «Мекенчил» саясий партиясынан 2020-жылдын 4-октябрында өтүүчү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу ниети жөнүндө жетекчи Камчыбек Ташиев кол койгон кабарлама түштү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Партия шайлоолор боюнча ыйгарым укуктуу өкүл болуп Асел Алишеровна Рысбаеваны жана Аида Бейшеналиевна Төлөгөнованы каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү кылып дайындайт.

Жогорудагы конституциялык Мыйзамдын 60-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү шайлоо белгиленген күндөн башталат жана шайлоо күнүнө 45 календардык күн калганда, б.а. 2020-жылдын 20-августуна чейин аяктайт.

Добавить комментарий