Мыйзам сактоочулары
Дуйнолук аял кунуно карата марш учурунда, катышуучуларга кол салган жарандарды аныктап милицияга алып келишти. Бул тууралуу 8-мартта Свердловский облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Беш адамга карата мыйзам бузуу кодекси негизинде протокол түзүлгөн.
«Чагымчылыкка катышкан башка адамдарды табууга жана кармоо иш-чаралары жүргүзүлуудо», – деп билдирди басма сөз кызматы.
Бүгүн, уюштуруучулар тарабынан белгиленгендей 8-мартта, саат 12:00 аялдарды жана балдарды колдогон, мартш пландаштырылган эле. Алар ПОбеда аянтынан жүрүшүн баштоону пландалган эле, бирок калпак жана медициналык беткап кийген белгисиз балдар маршты кагышты.
Алар кордоо сөздөрү менен кыйкырып, көчөдөн, аларды кууп, март катышуучуларына жумуртка ыргытты. Мындан тышкары, кол плакаттарды айрып, баннерлерди сындырышты.
белгисиз жарандар окуя жайынын качканда, милиция кызматкерлери катышуучуларды кармап баштады. Аларды автобус менен шаардык ички иштер бөлүмүнө алып кетишти.
Юрист Бакытбек Афтандил уулу билдиргендей, 60 ка жакын адам кармалган.
«Болжол менен 10го жакын протокол ИИМ кызматкерлерине баш ийбеген үчүн түзулгөн», – деп билдирди ал.
Өз кезегинде, Свердловский ички иштер бөлүмүнун басма сөз кызматы, Бишкек шаардык мэриясынын акимчилик менен макулдашылган эмес өз алдынча башаламан митинг уюштурулган, деп мурда билдирген.
Ошондой эле, уюштуруучулар укук коргоо органдарына коомдук коопсуздук камсыз кылуу үчүн митинг пландалганын билдирген эмес, ошентип Бишкек шаарынын коомдук тартипти ар кандай чагымчыл жана бузулушуна алып келди..
«Свердловский ройонунун тургундары дүйнөлүк согуштун жоокерлеринин улуу эс катары урматтай турган Победа аянтында уруксатсыз уюштурулган башаламан митингке каршы каарынын билдиришти.