Мамлекет кен казган компанияларды көзөмөлгө алат

Кыргызстандын Конституциясынын долбоорунда мамлекет өлкөнүн тоо-кен компанияларынын ишине көзөмөлдү жүзөгө ашыра турган норма каралган.

Бул тууралуу конституциялык жыйындын мүчөсү, экс-депутат Кантемир Мурзабеков билдирди.

Эл өкүлү бүгүнкү күндө мамлекеттик аппарат бул тармактын бир дагы ишканасын көзөмөлдөбөй тургандыгын айтты.

«Демек, биз Негизги Мыйзамга мамлекет тоо-кен казып алуу ишканаларынын ишин, анын ичинде пайдалуу кендерди жана баалуу металлдарды экспорттоону көзөмөлдөй турган ченемди киргиздик», – деп жыйынтыктады Кантемир Мурзабеков.

Конституциянын жаңы долбоору парламенттин расмий сайтында коомдук талкууга коюлду.

Баш мыйзамды кайра иштеп чыгуу алгач Садыр Жапаровдун демилгеси болгон. Ал бул жөнүндө көп жолу айткан. Бирок, Негизги Мыйзамды кайра жазуу аракети алтынчы чакырылыштагы парламенттин депутаттарына өткөрүлүп берилген, ал чындыгында 2020-жылдын 28-октябрынан кийин легитимсиз болуп калган – ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаган.

 

Добавить комментарий