
Литва бийликтери 2022-жылдын 1-июнунан тарта Россиядагы элчисин чакыртып алганын жарыялады. Ал эми 7-июндан тарта өлкөнүн Санкт-Петербургдагы башкы консулдугу жабылат.
Бул тууралуу бейшемби күнү Литванын улуттук радио жана телевидениеси билдирди.
Анын айтымында, элчи Эйтвидас Баярунасты чакыртып алуу бейшемби күнү катталган өкмөттүн токтомунун долбоорунда каралган. Литванын министрлер кабинети ошондой эле 7-июндан тарта Литванын Санкт-Петербургдагы Башкы консулдугун жабууга ниеттенүүдө.
Литва апрель айынын башында РФ менен дипломатиялык мамилелердин деңгээлин төмөндөтүү чечимин жарыялаган: Россиянын Вильнюстагы элчиси Литвадан кетүүгө аргасыз болот, ал эми Литванын РФдагы элчиси Москвадан чакыртып алынат. Андан кийин Латвия Россия менен дипломатиялык мамилесинин деңгээли төмөндөгөнүн жарыялады. Эки өлкө тең өз аракеттерин РФнын Украинада жүргүзгөн аскердик атайын операциясы менен байланыштырууда.