Кыргызстанга Швейцариядан делегация келет 

Швейцариядан Кыргызстанга жогорку деңгээлдеги делегация келет. Визиттин максаты – Кыргызстан менен кызматташтык байланыштарын чыңдоо жана Швейцария каржылаган жана КРда ишке ашырылып жаткан долбоорлордун натыйжалары менен таанышуу.

Бул тууралуу Швейцариянын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Швейцария өкмөтүнүн өкүлү болуп Элчи Патриция Данци, Швейцариянын өнүгүү жана кызматташтык башкармалыгынын башкы директору (SDC) жана элчи Доминик Паравичини, экономикалык кызматташтык жана өнүгүү бөлүмүнүн башчысы жана мамлекеттик катчылыктын соода келишимдери боюнча Федералдык Кеңешинин делегаты (SECO) келет. Сапардын максаты – бүгүнкү күндө Кыргызстан туш болгон чакырыктар жөнүндө көбүрөөк билүү.

Швейцария делегациясы кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү менен жолугушуп, өнүгүү жана экономикалык кызматташтык, ошондой эле эки тараптуу соода жана инвестиция маселелерин талкуулашат. Мындан тышкары, ишкер сектордун, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушуулар пландаштырылган.

Ошондой эле делегация Швейцария каржылаган Чүй облусунун ар кайсы райондорундагы, атап айтканда суу менен камсыздоо, туризм, саламаттык сактоо жана жергиликтүү мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндөгү өнүктүрүү долбоорлоруна барып, швейцариялык долбоорлор бул долбоорлорго тартылган адамдардын жашоо сапатын жакшыртууга кандайча жардам бергендиги менен таанышат. Ошондой эле элчилер Кыргызстандын маданияты менен таанышып, борбордун кооз жерлерине барышат.

Добавить комментарий