Кыргызстанга Бириккен улуттар уюму тарабынан берилген колдоонун суммасы 195 миллион долларды түздү

БУУнун координатору менен Кыргызстандын тышкы иштер министринин жолугушуусунда 2018-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстанга кандай колдоо көрсөтүлгөнү белгилүү болду.

Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестиция министри Руслан Казакбаев БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Озонниа Ожиелону кабыл алды.

Маалым болгондой, билим берүү, мыйзамдуулук, мамлекеттик институттардын дараметин чыңдоо, тынчтыкты орнотуу багытында жардамдар көрсөтүлдү.

«Чек ара жаңжалынан жабыркаган Баткен районунун тургундарына 2,5 миллион доллар жардам көрсөтүлдү», — деп айтылат ТИМдин билдирүүсүндө.

Добавить комментарий