Кыргызстандын тышкы иштер министри менен Россиянын элчиси жолугушту

Кыргызстандын ТИМ башчысы менен Россия Федерациясынын элчиси Николай Удовиченконун жолугушуусу болуп, анда тараптар кыргыз-орус кызматташтыгынын маселелерин талкуулашты.

Бул тууралуу КР ТИМ басма сөз кызматы билдирди.

Алар кыргыз-орус кызматташтыгынын жана эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты, аймактык коопсуздук боюнча пикир алышты, ошондой эле тышкы саясий иш-чараларды өткөрүү, анын ичинде жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу жагынан 2022-жылга карата макулдашылган пландарды түзүштү.

Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына чоң маани берип, тараптар тарыхый датага карата биргелешкен иш-чараларды уюштуруу зарылдыгын белгилешти.

Маектешкендер кыргыз-орус мамилелерин союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк духунда бекемдөө максатында мындан аркы активдүү өз ара аракеттенүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Добавить комментарий