Кыргызстандын тышкы иштер министри Израилдин Бишкектеги элчиси менен жолугушту

Руслан Казакбаев менен Израилдин Кыргызстандагы элчиси Лиат Вексельман мындан аркы кызматташуунун жана эки тараптуу мамилелердин келечегин талкуулашты.

Тактап айтканда, саламаттыкты сактоо, билим берүү, айыл чарба, туризм жаатында, ошондой эле Кыргызстандын экономикасына инвестиция тартуу.

Министр Р.Казакбаев израилдик дипломатты эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланыштарды түзүүгө көмөктөшүүгө чакырып, биринчи кыргыз-израил бизнес форумун өткөрүү зарылдыгын белгиледи. Тараптар ошондой эле ТИМ аралык саясий консультацияларды өткөрүү, эл аралык күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча маалымат алмашуу жаатында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн карашты.

Элчи Л.Вексельман жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди жана эки мамлекеттин ортосундагы өз ара пайдалуу эки тараптуу кызматташтыктын өнүгүшүнө көмөктөшүүгө даяр экендигин билдирди.

Добавить комментарий