Кыргызстандын президенти Улуу Британиянын премьер-министрине кат жолдоду

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Улуу Британиянын премьер-министри Борис Джонсонго Кыргызстан укуктук мамлекет курууга даяр экендигин билдирип, колдоо сурады.

«Мен мыйзамдуулукту орнотууну эң маанилүү милдетим деп эсептейм. Ошол эле учурда, мен бул катуу билдирүүлөр менен үстүртөн жасалган реформалар жөнүндө эмес, күчтүү демократиялык институттарды куруу үчүн оор жана талыкпаган эмгек жөнүндө болуп жаткандыгын билем. Биринчи кезекте, биз жакырчылык, жумуш орундары менен камсыз кылуу, мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана институттардын өзүлөрүн бекемдөө көйгөйлөрүн чечишибиз керек», – деп жазат мамлекет башчысы.

Ал адилетсиздик жана мыйзамсыздык деген эмне экендигин өз башынае кечиргенин эскерет. «Жана мен мыйзамдуулукту орнотуу жана мыйзамдын үстөмдүгүн орнотуу боюнча биринчи кезектеги милдетке терең ишенем», – деп жазган Садыр Жапаров.

Ал Улуу Британиянын премьер-министрин элдин кеңири колдоосу менен жүргүзүлүп жаткан конституциялык реформа ушул багыттагы алгачкы кадам гана деп ишендирди.

“Бардык континенттердеги мамлекеттер тарабынан туура суктанган, дүйнөдөгү эң эски демократиялык институттарга ээ болгон Улуу Британия биздин жолдо биздин аракеттерибизге кылдаттык менен жардам берет жана колдойт деп ишенем. Мен Британия бийлигинен ишенимдүү диалог жана узак мөөнөттүү кызматташуу режиминде демократиялык институттарды курууда кыргыз элинин тилектерин мындан ары да колдоону өтүнөм”, – деди Президент.

Ал белгилегендей, өлкөдөгү ачыктыктын жаңы рухунун жана эл аралык кызматташтыктын деңгээлин көтөрүүгө умтулгандыктын белгиси катары, мурунку бийликтердин «Франс Пресс» журналисти Крис Риклтон менен Human Rights Watchтун өкүлү Мира Ритмандын республикага кирүүсүнө киргизген чектөөлөрдү кайра карап чыгуу боюнча буйруктар берилет.

2015-жылдын декабрь айында Мира Ритман Кыргызстандан чыгарылып, персона нон грата деп жарыяланган. 2017-жылы Крис Риклтон КРнын аймагынан чыгарылган.

Добавить комментарий