Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековго жеке маалыматтардын коопсуздугу тууралуу көйгөйдү айтышты

«Адилет» укуктук клиникасынын башчысы Чолпон Жакупова Сот реформасы боюнча мамлекет бвшчысы Президент Сооронбай Жээнбеков катышкан кеңештин үчүнчү жыйынында жеке маалыматтарды коргоонун муктаждыгы тууралуу маселени көтөрдү.

Анын айтымында, сот реформасынын бир нече жакшы жактары да бар. Өзгөчө Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестринин ишке кириши кыйноолордун санын азайтты. Бирок ошол эле учурда бардык укук бузуулар каттоого алынбай жатат. Андан сырткары, мыйзамдын чийкилигинен улам жаза мөөнөтүн чектөөдө көйгөйлөр бар.

Жакупова жакында эле ишке кирген «Коопсуз шаар» долбоорун эске салды.

«Биз бул аракеттерди колдойбуз, бирок кишини жүзүнөн тааныган системанын ишке кирип жатканын эске алуу менен жеке маалыматтардын сакталышын камсыздоо керек», — деди Жакупова.
Ошол эле учурда кишини жүзүнөн тааныган системаны киргизүү үчүн мыйзамдык база жок. Андай маалыматтарды колдонуу үчүн кат түрүндө макулдук алуу керек, бирок андай нерсе дагы жасалган эмес. Жакупова бул аракеттер мыйзамсыз экенин кошумчалады.

Башкы прокуратура: Кыргызстанда ар бир алгач тергөөчүнүн 600дөн иши бар
Ал Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысынын айланасында болгон окуяны мисал катары келтирди. Себеби жеке маалыматтар бир кишини жаманатты кылуу үчүн колдонулду.
Жакупова коңшу мамлекеттерде кылмыш жасоо үчүн жеке маалыматтар сатылган учурлар бар экенин айтып, ошондой нерселердин Кыргызстанда дагы болушуна жол бербөө керектигине чакырды. Ал, андан сырткары, сот реформасы боюнча мыйзамды иштеп чыккан топ менен байланышуу мүмкүнчүлүгү жок болгонун сынга алды.

Президент Сооронбай Жээнбеков так сунуштарды иштеп чыгууну суранды. Жакупова өз кезегинде жумушчу топ үчүн сайт түзүп, ал жакка мыйзам долбоорлору жарыяланып турушу керектигин билдирди.

Добавить комментарий