Кыргызстандын 54 айдоочулары коронавируска байланыштуу Ирандан чыга албай жатышат

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер МинистрлигиТүркмөнстан, Азербайжан жана Орусия дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларынын нота берди. Бул тууралы 6-мартта басма сөз жыйынында Тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов билдирди. Ал Ирандагы Кыргыз жук-унаалар айдоочуларынын кырдаалы боюнча пикирин билдирип кетти.

Ал жолугушуулар 2-4-мартта орун алган жана Кыргыз айдоочулардын Түркмөнстан менен Азербайжандын аймагы аркылуу транзит менен Ирандан Кыргызстанга кайтып келгенине багыттарын талкууланды деп эскерет.

Абдрахмановдун айтымында, Ирандын аймагынан коронавирустун жайылышына жол бербөө үчүн, анын алдын алуу иш чараларына байланыштуу Ирандын кошуна өлкөлөр менен кабыл алынган макулдашуусу боюнча Кыргыз айдоочулары Кыргызстанга Иран-Түркмөнстан же Иран-Азербайжан чек ара аркылуу кайтып келуусу азырынча мумкун эмес болуп жатат. Ташуучулардын тышкы иштер министрлигине жана элчилигине кайрылышынан кийин бул маселе катуу көзөмөлгө алынган, деп министрдин орун басары билдирип кетти.

Добавить комментарий