Кыргызстандык спортчулар Токио Олимпиадасына лицензия алышты

КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиевт Токио шаарында өткөн ХХХII Жайкы Олимпиада оюндарына катышууга лицензия утуп алган кыргыз спортчулары жана КР Улуттук Олимпиада комитетинин өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.
Иш-чара 2021-жылдын 18-мартында болгон.
Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууга УОКтун биринчи вице-президенти Канат Аманкулов, УОКтун башкы катчысы Саламат Эргешов, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун милдетин аткаруучу Канат Шабданбаев, машыктыруучулар жана спортчулар катышты.
Иш-чаранын катышуучулары алдыдагы Олимпиада оюндарына даярдык жана Мамлекеттик агенттиктин допингге каршы иш-аракеттерин талкуулашты. Мындан тышкары, Саламат Эргешов Улуттук олимпиадалык комитеттин иши жөнүндө айтып берди жана тараптар спорттун жогорку көрсөткүчтөрүн өнүктүрүү максатында өз ара колдоо мамилелеринин улантылышына үмүт артышты.
Кайрат Иманалиев спортчуларга жана машыктыруучуларга ВАДА тарабынан Эл аралык олимпиада комитети жана Эл аралык тестирлөө агенттиги менен биргеликте иштелип чыккан ADeLдин негизинде түзүлгөн Токио 2021 допингке каршы курсун ийгиликтүү аяктагандыгы тууралуу сертификаттарды тапшырды.
Белгилей кетсек, Токио 2021 допингке каршы курсу УОКтун Биринчи вице-президенти Канат Аманкуловдун демилгеси менен Улуттук допингке каршы дирекциясы тарабынан УОКтун колдоосу менен өткөрүлгөн. Олимпиада оюндарына жана иш-чараларга жогорку класстагы спортчуларды даярдоо программасын спорттогу допинг боюнча ЮНЕСКОнун Эл аралык Конвенциясына ылайык жүзөгө ашыруу. Курсту Токио Олимпиада оюндарына лицензия алган бардык спортчулар жана алардын машыктыруучулары ийгиликтүү аякташты.

Добавить комментарий