Кыргызстанда өкмөттүк жыйындарды онлайн форматта өткөрүү боюнча жобого кол коюлду

Видеоконференциялар форматында өткөрүлгөн өкмөттүк жыйындар катышуучулардын техникалык шарттары жана дресс-коду жазылган жаңы бекитилген регламентке ылайык жүргүзүлөт.

Тийиштүү жарлыкка 2021-жылдын 25-январында премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу А.Новиков кол койгон.

Министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, административдик ведомстволорго, өкмөттүн региондордогу ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарына, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жетекчилик жана так аткаруунун Регламентин кабыл алуу тапшырылды.

Добавить комментарий