Кыргызстан Тоолуу Карабакта болуп жаткан окуяларды тынчсыздануу менен көрдү

КМШнын келечеги биринчи кезекте Шериктештиктин алкагында туруктуулук, коопсуздук жана коңшулаштык маселеси.

Кыргызстан Тоолуу Карабактын айланасындагы окуяларга тынчсыздануу жана тынчтыктын эрте орнотулушуна үмүт менен көз салды, деп билдирди президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов 18-декабрда КМШ Мамлекет башчыларынын Кеңешинин отурумунда.

«Биз ар дайым чыр-чатактарды тынчтык жолу жана дипломатиялык ыкмалар менен жөнгө салууну жактайбыз жана ушул этапта жетишилген келишимдер диалогду улантууга шарт түзөт деп ишенебиз. Мен дагы бир жолу Тоолуу Карабактагы кырдаалды жөнгө салууда орус тараптын өзгөчө ролун баса белгилегим келет», – деди ал.

Добавить комментарий