Кыргызстан Россиянын авиабазасынын кеңейишин колдойт

Тышкы иштер министрлиги Канттагы Россиялык аскер аба базасын кеңейтүү боюнча сунуштарды кароого даярдыгын жарыялады, эгерде мындай сунуш Россия тараптан келсе.

Бул тууралуу дипломатиялык бөлүмдүн башчысы Руслан Казакбаев Россиялык журналисттерге берген маектеринин биринде билдирди.

“Кант базасына келсек, биздин бекем позиция ушул базаны сактап калуу. Мурда кол коюлган келишимдерди кайра кароо болбойт”, – деди Казакбаев.

Казакбаев республикада саясий кризис башталганда, шайлоодон кийинки мезгилде Россия өзгөчө роль ойногонун баса белгиледи.

«Мунун бардыгы массалык башаламандыкка жана кан төгүүгө айланып кетиши мүмкүн эле. Бул жерде, албетте, биринчи кезекте Россия жана биздин башка өнөктөштөр билдирүү жасап, колдоо көрсөтүштү», – деди Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин башчысы.

Казакбаев Бишкектеги нааразычылык акциялары учурунда Россиянын Президентинин Администрациясынын башчысынын орун басары Дмитрий Козак келгенин, министр аны менен кошо республикалык бюджетке каржылык колдоо көрсөтүү маселесин талкуулаганын эскерди.

Добавить комментарий