21-апрелде кечинде Кыргызстандын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен Польшанын тышкы иштер министри Яцек Чапутовичтин ортосунда телефон аркылуу сүйлөшүү болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Тараптар дүйнөдө пандемиянын жана анын терс социалдык-экономикалык кесепеттеринин шартында коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө биргелешкен практикалык иш-аракеттердин зарылдыгына көңүл бурушту.
Министр Ч.Айдарбеков Ю.Чапутовичке ДСУнун алкагында Польшалык дарыгерлерди жиберип, Кыргызстанга COVID-19 вирусунун жайылышына каршы турууга жардам бергендиги үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле медициналык мекемелер менен эки өлкөнүн Саламаттык сактоо министрликтеринин ортосунда түз байланыш түзүү мүмкүнчүлүгү талкууланды.
Кошумчалай кетсек, Польшадагы кыргызстандыктардын абалын жеңилдетүү маселелери, анын ичинде польшалык тарапка визалардын мөөнөтүн узартуу, студенттердин жана эмгек мигранттарынын ден-соолугун коргоо үчүн шарт түзүү маселелери талкууланды.
Тараптар эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди чечүү үчүн туруктуу иш алып барууну улантышат.
Мындан тышкары, министрлер жакынкы аралыкта Тышкы иштер министрлеринин орун басарлары деңгээлинде кезектеги Тышкы саясий консультацияларды онлайн конференция форматында өткөрүүгө макулдашты.