Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы соода жүгүртүү 35% өстү

Бишкекте кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 10-жыйыны өтүп, анын жыйынтыгында бир катар чечимдер кабыл алынып, тиешелүү протоколго кол коюлду.

Бул тууралуу КР министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров менен Казакстандын Премьер-министри Алихан Смаилов соода-экономикалык, суу-энергетика тармагындагы, айыл чарбасы жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы кызматташуу маселелерин карашты.

Жапаров эки өлкөнүн соода-экономикалык алакаларында оң тенденция бар экенин белгиледи.

«2021-жылдын жыйынтыгы боюнча өз ара сооданын көлөмү 35 пайызга өсүп, 1 млрд долларды түздү. Биз жакынкы аралыкта эки тараптуу сооданы 2 миллиард долларга жеткирүүнү көздөп жатабыз», – деди министрлер кабинетинин башчысы.

Ал президент Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга расмий сапары күтүлүп жатканын кошумчалап, өкмөттөр аралык кеңештин 10-жыйыны даярдык иштеринин бир түрү болуп калганын белгиледи.

Жапаровдун айтымында, эки мамлекеттин ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилөөнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Маданият күндөрүн Казакстанда өткөрүү, Манас (Нур-Султанда) жана казак акыны Абай Кунанбаевге (Бишкекте) эстеликтерди орнотуу жана башка бир катар иш-чаралар пландаштырылган.

Министрлер кабинетинин төрагасы ошондой эле кыргыз-казак чек арасында индустриалдык соода-логистикалык борборду куруу долбоорун активдештирүү зарылдыгын белгиледи.

Өз кезегинде Алихан Смаилов эки тараптуу сооданы 1 миллиард долларга жеткирүү боюнча мамлекет башчыларынын макулдашуусу аткарылганын баса белгиледи.

«Бүгүн кабыл алынган чечимдер өлкөлөрүбүздүн ортосундагы кеңири масштабдуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө олуттуу салым кошот деп ишенем», – деп жыйынтыктады Смаилов.

Өкмөттөр аралык кеңеш Кыргызстан менен Казакстандын ыйгарым укуктуу органдарына экономиканын артыкчылыктуу тармактарында келечектүү инвестициялык долбоорлордун реестрин түзүү жолу менен инвестициялык кызматташууну активдештирүү тапшырмасын берди.

«Ак-Тилек» (КР) жана «Карасу» (Казакстан) автожол өткөрүү пункттарынын райондорунда индустриалдык соода-логистикалык комплексти куруу долбоору боюнча Тараптар меморандумга кол коюу маселесин иштеп чыгууну жана бул аймакта, ошондой эле тараптардын эркин экономикалык зоналарынын аймагында биргелешкен өндүрүштү түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну макулдашышты.

Тараптар ошондой эле маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана коммуникациялар тармагында кызматташуу боюнча макулдашышты. Ошондой эле кеңештин кезектеги, 11-жыйыны 2023-жылы Казакстанда өткөрүү боюнча макулдашууга жетишилди.

Добавить комментарий