Кыргызстан менен Италия кызматташтыкты активдештирүүгө ниеттенүүдө

Ишеним грамотасын тапшыруу аземинин жүрүшүндө Италияда Республиканын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Таалай Базарбаевдин Президент Серджо Маттареллага ишеним грамотасын тапшыруусу болуп өттү.

Бул тууралуу ТИМ басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, эмдиги жылы Кыргызстан менен Италия дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилешет.

Тараптар эки тараптуу кызматташтыкты активдештирүүгө – жогорку деңгээлде өз ара сапарларды уюштурууга, ТИМдердин ортосунда үзгүлтүксүз консультацияларды, маданий-гуманитардык иш-чараларды, лекцияларды жана тегерек столдорду уюштурууга макулдашышты.

Таалай Базарбаев кыргыз тарап 5-ноябрда Бишкекте өтө турган Биринчи экономикалык форумда Италиянын расмий жана ишкер делегациясын күтөөрүн баса белгиледи.

Серджо Маттарелла Садыр Жапаровго жылуу жана достук сөздөрүн, Кыргызстандын элине тынчтык жана бакубатчылык каалоо тилектерин жеткирүүнү суранды.

Добавить комментарий