Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандын Коопсуздук кеңешинин өкүлдөрү жыйын өткөрүштү

26-27-майда Дүйшөмбү шаарында Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчилердин/Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын Ооганстан боюнча төртүнчү аймактык диалогу өттү.

Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Казакстан жана Тажикстандан келген кесиптештери менен жолугушканын президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Казакстандык кесиптеши Гизат Нурдаулет Иманкулов менен жолугушууда эки өлкөнүн катчылыктары/аппараттары жана укук коргоо түзүмдөрүнүн ортосунда Борбордук Азия регионунун жана анын ичинде эки өлкөнүн коопсуздугун жана туруктуулугун камсыз кылуу үчүн заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга каршы туруу боюнча мамилелерди мындан ары тереңдетүү зарыл экендигин билдирди. Ошондой эле өз ара кызыкчылык жараткан маселелер талкууланды.

РТ Коопсуздук кеңешинин катчысы Насрулло Махмудзода менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө мамлекеттик чек арада инциденттерди жана чыр-чатактарды болтурбоо, чек арага жакын аймактарда укук коргоо органдарынын ортосунда да, жергиликтүү калк менен да ишенимди чыңдоо маселелери талкууланды. Ошондой эле Ооганстан проблемасынын контекстинде терроризм, экстремизм, баңги аткезчилиги менен күрөшүү боюнча биргелешкен кадамдар тууралуу сөз болду.

Добавить комментарий