Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан провокация

КР чек ара кызматы Тажикстан тараптан бир жолу ок атылганын кабарлады.

Аймактык оорукананын терезеси талкалангандыгы такталды. Окуя болгон жерден АК-74 үлгүсүндөгү ок табылган.

«Атылган октон жаракат алгандар жок. Азыр бул окуяны компетенттүү жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери иликтеп жатышат.

Эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Тажик тарап Интернационал айылы менен чек арада жайгашкан жеке курамдын куралдарын текшере турганын жарыялады», – деп билдиришет ведомстводон.

Чек ара кызматы белгилегендей, эки мамлекеттин чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунда тажик тарап ок-дарыларды текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Тажикстандын чек арачылары курал колдонгон эмес деп билдирген.

Тажик чек ара кызматкери кокусунан ок атылышы мүмкүн экенин айтты.

«Жолугушуунун катышуучулары окуя боюнча ар бир тарап тарабынан өз алдынча иликтөө жүргүзүүнү чечишти. Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу»,-деп кошумчалады укук коргоо органы.

Добавить комментарий