Кыргыз элинин мурастарын санариптештирүү долбооруна 2,3 млн доллар бөлүнгөн

Түштүк Корея Кыргызстандын маданий мурастарын санариптештирүү долбоорунун алкагында Кыргызстандагы үч маданий объектиге 2,3 миллион доллар бөлүүдө.

Бул тууралуу Кыргызстандын ТИМ басма сөз кызматы билдирди.

КР ТИМ башчысынын орун басары Динара Кемелова КР Маданият, спорт жана туризм министрлигине караштуу Азия маданият борборунун президенти Ли Канг Хен башында турган делегациясы менен жолугушту.

«Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Корея өкмөтүнүн 2,3 миллион доллар өлчөмүндөгү расмий жардамы аркылуу Кыргызстандын маданий мурастарын санариптештирүү долбоорун ишке ашырууну талкуулашты», — деп айтылат маалыматта.

Кемелова кыргыз тарап республиканын тарыхый-маданий мурастарынын бирдиктүү маалымат базасын түзүүгө, аны чет өлкөлөрдө кеңири жайылтуу жана чет элдик туристтерди тартууга кызыкдар экенин баса белгиледи.

ТИМ аталган долбоор КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги аркылуу ишке ашырылып жатканын эске салды. Үч маданий объекттин: Улуттук тарых музейинин, Г.Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейинин жана Курманжан датка атындагы Көчмөндөр цивилизациясынын борборунун потенциалын күчөтүү пландалууда.

Добавить комментарий