Москвада Кыргызстандын элчиси Гүлнара-Клара Самат Чилидеги кесиптеши Эдуардо Эскобар менен жолугушту.
Бул тууралуу КРнын РФдагы Элчилиги билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Чилинин ортосундагы мамилелерди, ошондой эле соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу жана биргелешкен долбоорлорду илгерилетүү мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгышты.
Тараптар кыргыз-чили кызматташтыгын чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.