КРда унаанын алдыңкы каптал айнектерин караңгылатуу үчүн акы алышат

Бюджетке салыктык эмес кирешелерди көбөйтүү максатында Кыргызстандын бийлиги акы төлөнүүчү караңгылатуу долбоорун жактырды.

Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөт унаалардын алдыңкы каптал айнектерин караңгылатуу үчүн төлөмдүн өлчөмүн жана төлөө тартибин мыйзам күчүнө киргенден кийин министрлер кабинети аныктай турганын белгиледи.

«Унаалардын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин караңгылатууга уруксат алуу үчүн төлөм киргизүүнү караган мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоору жактырылды», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, өкмөт бул демилгени былтыр жазында көтөргөн. Бул маселе 2020-жылы да көтөрүлгөн. Бир гана жүйөө бар болчу – бюджетке салыктык эмес кирешелердин көбөйүшү. Бул жолу да ушундай эле аргумент келтирилген.

Добавить комментарий