КР вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Мамытканов Улуу Британиянын элчиси менен жолугушту

Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Максат Мамытканов менен Улуу Британиянын жана Түндүк Ирландиянын Кыргызстандагы элчиси Чарльз Гарреттин жолугушуусунда тараптар кыргыз-британ кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Мыйзамдуулук, коррупцияга каршы күрөш, сөз эркиндиги, жашыл экономика чөйрөсүндөгү маселелер. Ошондой эле 2021-жылдын 1-ноябрынан 12-ноябрына чейин Глазго шаарында (Шотландия) өтүүчү БУУнун Климаттык өзгөрүү боюнча алкактык конвенциясынын тараптарынын XXVI конференциясына катышуу.

Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Максат Мамытканов жакында 10-январда өткөн КР Президентин шайлоонун жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча бүткүл элдик референдумдун жогорку уюштуруучулук деңгээлин белгилеп, ушул жылы боло турган маанилүү саясий иш-чаралар жөнүндө маалымдады.

Тараптар кыргыз-британ байланыштарын мындан ары бардык деңгээлде активдештирүүнүн жана эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн ар кандай чөйрөлөрүндө биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Добавить комментарий