КР Президенти менен ЕЭК Министринин жолугушуусу болуп өттү

Президент Садыр Жапаров Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика министри Сергей Глазьев менен жолугушту. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында биргелешкен иш-чаралардын актуалдуу маселелери жана Кыргызстандын үстүбүздөгү жылы Биримдиктин органдарында төрагалык кылуусу боюнча пикир алмашуу болду.

Жапаров Кыргызстан ЕАЭБ алкагында интеграция маселелерине өзгөчө маани берерин, бул өлкөнүн тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.

«Кыргызстандын ЕАЭБ органдарына төрагалык кылган жылын инвестициялык жана кызматташууну чыңдоого, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө жана транспорт коридорлорун өнүктүрүүгө арноо маанилүү», – деди ал.

Президент Евразия экономикалык форуму май айында Бишкекте өтөөрүн эске салып, КР Министрлер Кабинети менен ЕЭКтин ортосунда тыгыз биргелешкен иш жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.

Глазьев биринчи Евразиялык экономикалык форум боло турган форумдун программалык комитетинин жетекчиси болуп дайындалганын билдирди. Анын айтымында, талкуунун негизги максаттары байланыштарды кеңейтүү жана инвестициялык кызматташууну оптималдаштыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу болуп саналат.

Евразиялык интеграциянын символу боло турган инновациялык долбоорлорго көп көңүл бурулууда. Ошондой эле ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин мыкты жетишкендиктеринин көргөзмөсү пландалууда.

Ал белгилегендей, бул биринчи Евразиялык экономикалык форум болоорун, аны жогорку деңгээлде өткөрүү маанилүү.

Өкмөт башчы Акылбек Жапаров да катышкан сүйлөшүүдө экономиканы өнүктүрүүнү тездетүү, кредиттик механизмдерди оптималдаштыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу, инвестициялык активдүүлүктү колдоонун маанилүүлүгү белгиленди.

Жолугушууну жыйынтыктап жатып, Садыр Жапаров Кыргызстандын ЕАЭБге интеграцияланышына, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Биримдик өлкөлөрүнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн Глазьевди «Данакер» ордени менен сыйлады.

Добавить комментарий