КР Элчиси РФнын Тышкы иштер министринин орун басары менен жолугушуу өткөрдү

Кыргызстандын РФдагы Элчиси Гүлнара-Клара Самат жана Россиянын Тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденко жолугушуу өткөрүштү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана миграция чөйрөсүндө кыргыз-орус кызматташтыгын талкуулашты, деп билдирди РФдагы Кыргызстандын элчилигинин басма сөз кызматы.

Ошондой эле эл аралык, регионалдык жана интеграциялык уюмдардын алкагындагы көп тараптуу кызматташуу талкууланды, ошондой эле жаңы коронавирустук COVID-19 инфекциясынын жайылышына каршы туруу маселелери каралды.

Добавить комментарий