КР Элчиси Казакстандын ТИМ башчысынын орун басары жана Башкы прокурорунун орун басары менен жолугушту

КР Тышкы иштер министрлигинин буйругу менен 2022-жылдын 11-февралында Кыргызстандын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Д.Дюшекеев менен Ички иштер министринин орун басары Э.Саденов жана Казакстандын Башкы прокурорунун орун басары Б. Дембаев менен жолугушуу өттү.

ТИМ басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө Алматы шаарындагы белгилүү январь окуясында кармалгандардын, В. Рузахунов менен Ч. Сыдыковдун жабырлануучуларынын арасында болгон КР жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле А. Мусаев менен Б. Базарбаевдин өлүмүнүн жагдайларын тактоо маселелери талкууланды.

Кыргыз тарап окуянын бардык жагдайларын тактоо менен ар бир факты боюнча тыкыр жана объективдүү иликтөө жүргүзүү өтүнүчүн билдирди.

Казак тарап митингдер жана массалык баш аламандыктар учурундагы республиканын укук коргоо органдарынын аракеттери, ошондой эле жүргүзүлүп жаткан сотко чейинки иликтөөлөрдүн жүрүшү тууралуу маалымат берди. Ошондой эле ар бир факты боюнча кылмыш иши козголуп, тыкыр иликтенип, тиешелүү юридикалык баа берилери айтылды.

Мындан тышкары, кыргыз тарап КР жарандары Темиркан уулу Т., Астанков А. жана Өмүрбек уулу С.ны камактан бошотууга көмөк көрсөтүү өтүнүчүн билдирди.

Өмүрбек уулу С.га карата алдын ала маалымат боюнча, 2022-жылдын 17-февралында Казакстан Республикасынын Райымбек райондук сотунда сот отуруму пландаштырылган.

Министрлик бул маселелерди өзгөчө көзөмөлгө алууда.

Добавить комментарий