КР Гутериштин дагы беш жылдык мөөнөткө дайындалышын колдойт

БУУнун учурдагы Баш катчысы Антониу Гуттериш экинчи мөөнөткө шайланды, Гутеррешти дайындоо жөнүндө резолюция жалпы жактыруу менен добушсуз кабыл алынды.

Антониу Гуттериш 2017-жылдан бери ээлеп келе жаткан бул кызматка жалгыз талапкер болгон. Аны дагы беш жылдык мөөнөт күтүп турат.

Кыргызстан Гуттеришти дайындоо боюнча токтомду колдоду, деп билдирди КР ТИМ басма сөз кызматы.

18-июнда Гутерриш БУУнун Башкы Ассамблеясынын жыйынында 2022-жылдын 1-январынан 2026-жылдын 31-декабрына чейин экинчи мөөнөткө шайланган.

Жол-жобого ылайык, 8-июнда БУУнун Коопсуздук Кеңеши Гутеррешти бир добуштан талапкер кылып бекитти жана Башкы Ассамблеяга аны экинчи мөөнөткө дайындоону сунуш кылды. Ал 2017-жылдын 1-январынан бери ээлеп келе жаткан бул жогорку кызматка жалгыз талапкер болгон.

ТИМ ошол эле жылы Антониу Гуттериш Кыргызстанга иш сапары менен келгенин эске салды.

Добавить комментарий