КР башка мамлекеттердин кагылышууларында ар дайым тынчтыкты жактайт – Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Украинадагы кырдаалга комментарий берип жатып, Кыргызстан ар кандай чыр-чатактын тынчтык жолу менен чечилишин жактап келгенин жана болоорун билдирди.

«Биз тынчтыкчыл мамлекетпиз жана БУУнун толук укуктуу мүчөсүбүз. БУУнун уставы бар, анда ар бир мамлекет өзүнүн ички жана тышкы саясатын өз алдынча жүргүзөт деген.

Ал эми чыр-чатакка келсек, эки өлкө тең бизге жакын, эки мамлекет менен тең достук мамиледебиз. Ошондуктан биз эки мамлекетке тең кайрылып, тынчтыкка, ынтымакка чакырабыз. Биздин ТИМ буга чейин сүйлөшүүлөргө ортомчу болуу сунушу менен чыккан. Бул биздин түздөн-түз милдетибиз.

Мунун бизге тиешеси жок деп айта албайбыз. Бир жагы туура, экинчи жагы туура эмес деп айта албайбыз. Биздин позициябыз калыс болушу керек. Эми биз өз өлкөбүздө тынчтыкты сактоого аракет кылышыбыз керек. Башка өлкөлөрдүн жаңжалдарында биз ар дайым тынчтыкты жактайбыз», – деди Байсалов.

Добавить комментарий