КМШ өлкөлөрүнүн Коопсуздук Кеңешинин катчыларынын жолугушуусу болуп өттү

Бүгүн, 2020-жылдын 18-ноябрында, КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздук кеңештеринин катчыларынын жолугушуусу болуп, ага Кыргызстандын өкүлү Рыскелди Мусаев катышкандыгын Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Иш-чара видео конференция форматында өттү.

Коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү тажрыйбасына таянып, КМШ мейкиндигиндеги жаңы биологиялык коркунучтарга каршы туруу боюнча сөзүндө Рыскелди Мусаев катышуучуларга Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан пандемияга каршы күрөшүү чаралары жөнүндө маалымат берди.

Кыргыз тарап пандемиянын социалдык-экономикалык кесепеттерин жоюу үчүн Шериктештиктин бардык потенциалын натыйжалуу пайдалануу зарылдыгын белгилеп, транспорттук-логистикалык инфраструктура жана аны андан ары өнүктүрүү, каржы жана акча-кредиттик чараларды иштеп чыгуу, айрыкча калктын аялуу катмарын коргоо, ошондой эле соода-экономикалык чөйрөдө, анын ичинде санарип экономиканы өнүктүрүүдө, ири экономикалык долбоорлорду биргелешип ишке ашырууда жана үзгүлтүксүз иштеши үчүн шарттарды түзүүдө кызматташтыкты чыңдоого басым жасоо зарылдыгын баса белгиледи.

Мындан тышкары, жолугушууда маалымат чөйрөсүндөгү чакырыктарга жана коркунучтарга каршы туруу, жасалма интеллект жана анын улуттук коопсуздукту камсыздоодогу мааниси, Афганистандагы кырдаал жана анын Борбордук Азиянын коопсуздугуна тийгизген таасири, КМШ мейкиндигиндеги чет мамлекеттердин деструктивдүү таасиринин формаларын жана ыкмаларын өзгөртүү маселелери талкууланды.

Жыйынга Азербайжан, Армения, Беларуссия, Казакстан, Молдова, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Россиянын коопсуздук кеңештеринин катчылары, ошондой эле КМШнын Аткаруу комитетинин төрагасы жана ЖККУнун Башкы катчысы катышты.

Добавить комментарий