Казакстан мамлекеттик чек арасын кесип өтүү боюнча убактылуу чектөөлөрдү киргизген. Кыргызстан жарандарынан ID-карта жана 16 жашка чейинки балдар үчүн туулгандыгы тууралуу күбөлүк талап кылынат. Чектөөлөр ушул жылы 8-марттан баштап күчкө кирет.
Казакстандын өкмөтү коронавирус менен абалды турукташтыруу мүнөзү менен бул чечимди убактылуу экенин Тышкы иштер министринин орун басары билдирди.
«Казакстан менен чек арасы толугу менен жабык болбойт. ички паспорт менен гана өтүү чектелинет. Эми чет өлкөлүк паспорт менен кесип өтүүгө зарыл болот «, – деп айтты ал.
Мындай иш аракетке карата Кыргызстан жооптук аракетин кылабы деген суроого Абдрахманов: «Биз Казакстандагы оорунун кырдаалын карайбыз. Бул саясий чечим эмес, биз эч өч алуу аракетин кылууну жактабайбыз», баса белгиледи.
Ал жагдай иликтенип жатат деп билдирди, балансташуу учун паритет принциби болушу мүмкүн.