Казакстандын ТИМине нааразылык нотасы тапшырылды

Кыргызстандын ТИМи Казакстандын консулун Алматыда Кыргызстандын жаранынын сабалышы боюнча нааразылык нотасын тапшыруу үчүн чакырды.

21-январда Кыргызстандын ТИМине Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин консулу чакырылган.

Анын айтымында, жолугушууда Кыргызстандын жараны Ч.Ш.Сыдыковго байланыштуу нота тапшырылып, анда Казакстандын айрым укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин аталган жарандын ден соолугуна оор залал келтирген мыйзамсыз аракеттерине каршы кыргыз тараптын тынчсыздануусу айтылган

Мындан тышкары, окуянын бардык жагдайларын тактоо жана Ч.Сыдыковдун ден соолугуна оор залал келтиргендиги үчүн бардык күнөөлүү кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу жана компенсация төлөп берүү үчүн кылдат жана объективдүү иликтөө жүргүзүү зарылдыгына көңүл бурулду.

Добавить комментарий