Казакстанда Борбор Азия жана РФ мамлекет башчыларынын саммити өтөт

Казакстандагы саммитке Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Россиянын мамлекет башчылары чогулат. Бул тууралуу Кыргызстандын ТИМ басма сөз кызматы билдирди.

КР менен РФ тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев менен Сергей Лавров телефон аркылуу сүйлөштү. Аймактык коопсуздук, “Борбор Азия+Россия” диалогунун алкагындагы өз ара аракеттенүү жана Нур-Султанда мамлекет башчыларынын саммитин өткөрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.

Саммит тууралуу толук маалымат азырынча жок. Иш-чаранын датасы да белгисиз.

Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстан Орто Азияда жайгашкан.

Добавить комментарий