Казакстан Кыргызстанды контрабанда ташып жатат деп айыптады

Казак бийлиги Кыргызстандан ар бир төртүнчү жүк ташуучу унаанвн бири Кордай аркылуу контрабанда ташып жатканын билдирди.

Казакстанда дээрлик ар бир жүк ташуучу унаа Кордай аркылуу контрабандалык жүк ташыйт дешти. Бул тууралуу РК  Каржы министрлигинин Мамлекеттик кирешелер комитетине шилтеме берүү менен ЖМКлар жазып чыгышты.

«Казак тарап өлкөдө тематикалык салыктык текшерүүлөрдү жүргүзүү процессин ачык көрсөттү, анын жүрүшүндө декларацияланбаган товарлар, анын ичинде фирмалык товарлар дээрлик ар бир жүк ташуучу унаадан табылган», — деди Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) министри Максат Мамытканов.

Отурумдун жүрүшүндө Казакстандын Мамлекеттик кирешелер комитетинин, ЕЭКтин, Кыргызстандын жана Россиянын фискалдык органдарынын «Кордай» жана «Карасу» өткөрүү пункттарындагы өкүлдөрү катышуучуларга товарлардын өтүшүнө мониторинг жүргүзүү боюнча бизнес-процесстер тууралуу маалымат беришти.

Белгиленгендей, чек аранын казак тилкесинде бир жүк ташуучу унаанын өтүшү орто эсеп менен 20 мүнөттү түзөт.

Буга чейин Касым-Жомарт Токаев Кыргызстан менен чек арадагы тыгындар тууралуу айткан.

 

Добавить комментарий