Казак бийлиги «Ишкобод» бекетиндеги окуядан кийин чек арадагы ишин күчөттү

Бул окуядан кийин казак бийлиги чек араларындагы күзөттү бекемдей баштаганын Казакстандын Коопсуздук комитетине караштуу Чек ара кызматынын директору Дархан Дильманов «Сухбат» программасына жооп берип жатып билдирди.

Дильманов Борбор Азия өлкөлөрүндөгү кесиптештери менен өз ара аракеттешүү жана согушкерлердин Тажикстандын чек ара бекетине кол салуусунан кийин көрүлгөн чаралар тууралуу айтып берген.

«Бул окуя бизге чоң сабак болду. Мындан улам чек ара күзөтүнө кошумча аскерлер тартылып, андагы курал-жарак, ок-дарыларга көзөмөлдү күчөттүк», — деди Дильманов.
Ал 6-ноябрга караган түнү «Ишкобод» чек ара бекетине согушкерлердин кол салуусу күтүүсүз окуя эмес экенин баса белгиледи.

Аялдар эмне себептен жанкечти болуп кетет? Адистин пикири

«Согушкерлердин мындай кадамы Борбор Азия өлкөлөрүнүн атайын кызматтары тарабынан болжолдонгон. Бул окуя акыркы жылдары диний экстремизм жана терроризм өнүгүп-өрчүп келе жаткандын жыйынтыгы. Ошондуктан мындай ыкчам кырдаалга ар дайым даяр турушубуз керек», — деди Дильманов.


Тажикстандагы бул окуя боюнча күч структураларынын операциясы маалында 15 согушкер жок кылынып, дагы бешөө колго түшүрүлгөн. Кийинчерээк кол салган согушкерлер «Ислам мамлекети» террордук уюмунун мүчөлөрү экени аныкталган.

Добавить комментарий