Катуу карантиндик чараларды айылдардын биринин тургундары киргизген

Талас облусунун Манас районундагы Покровка айылында дүкөндөрдүн иштешине чектөө киргизилди, деп билдирди жергиликтүү тургундар.

Алардын айтымында, дүкөндөр саат 08:00дөн 18:00гө чейин иштейт. Балдарды дүкөндөргө жиберген адамдарга 5000 сомдон айып пул салынат, эгерде алар беткапсыз кетишсе, анда 500 сом.

Мындан тышкары, элди акыркы сапарга узатуу жана куран окутуу иш-чараларын өткөрүү үчүн 20-30 миң сом өлчөмүндө айып салынган.

40 күнгө (кыркы) эскерүү иш-чараларын массалык түрдө өткөрүү – 20 миң сом;

«Куран окутуу» массалык өткөрүү (маркумга дуба кылуу) – 20 миң сом;

Массалык сөөк коюуга – 30 миң сом.

Карантин учурунда айылда 2 адам каза болгон (коронавируска байланыштуу эмес). Жакын туугандары өздөрү акыркы сапарга узатуу зыйнатын өткөрүштү.

Добавить комментарий