Карыздарды балдарыбыз төлөп калат: депутаттар насыялар маселесин көтөрүштү

Бүгүнкү жыйында депутаттар

Жогорку Кеңеште Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда кол коюлган “Кыргыз Республикасындагы жер көчкү коркунучун башкаруу” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо маселеси каралууда.

Депутат Айбек Осонов келишимде жер көчкүнүн алдын алуу үчүн АӨБ 34 миллион доллар бөлүү каралганын билдирди.

Анын 23 миллион доллары грант катары, дагы 11,5 миллион доллары насыя.

“Кыргызстанда 546 конушта жер көчкү жүрүү коркунучу бар. Анда 30 миңге жакын адам жашайт. ӨКМ сунуштаган долбоор ишке ашса, анда 46 турак жай жана 4700 адам гана корголот. Бул алардын көбү кооптуу аймактарда жашай берет дегенди билдирет. Долбоор боюнча бул акча дренаждык казуу иштерине жана жер массасын мажбурлап конвергенциялоого жумшалат, бул 3 миллиард сомго жакын. Бул көп эмеспи?» деп сурады Айбек Осмонов.

ӨКМдин орун басары Урматбек Шамырканов Азия өнүктүрүү банкынын талаптары кыйла катаал экенин билдирди. Анын айтымында, грантты алуу оңой болгон жок.

«Долбоор АӨБ талаптарына ылайык иштелип чыккан. Жергиликтүү бийлик менен иштешкен. Дренаждык систеианы кантип куруу керек, биз жергиликтүү бийлик менен сүйлөшүп жатабыз. Келишимди колдоп берүүңүздөрдү суранабыз», – деди Урматбек Шамырканов.

Депутат белгилегендей, Кыргызстан эгемендүүлүктүн 30 жылында донорлордон 10 миллиард доллардан ашык насыя алган. Анын 72 пайызы төлөнүүгө тийиш болгон насыялар.

«Биз келечек муундарды карызга батырдык. Мындай болбойт. Комитетте отуруп бир жыйында бештен ашык келишимди ратификациялайбыз. Мунун баары гранттар жана кредиттер. Кийинки муун кандай жашайт? Бул акчага мектептерди курууга болот», – деди Айбек Осмонов.

Добавить комментарий