Кадрдык өзгөрүүлөр: Премьер-министр кызматтан бошотуу жөнүндө буйруктарга кол койду

Кыргызстанда Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары жана вице-премьер-министрдин кеңешчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу республиканын өкмөтүнүн аппаратынан билдиришти.

Сапарбаев Эрлан Турдакунович берилген арызга ылайык, КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.

Мындан тышкары, Бурканов Арзыбек Орозматович КР Премьер-министринин кеңешчиси кызматынан бошотулду.

Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов кол койду.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен районунун акими Орозов Акылбек Курбанбекович ээлеген кызматынан бошотулду. Бул буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.

Добавить комментарий