Кадр кызматынын директорунун орун басары дайындалды

Кыргызстандын Мамлекеттик кадр кызматы өзгөрүлдү. Курманов Абдулазим Айдарович Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары болуп дайындалды, деп билдирет президенттин басма сөз кызматы. Сооронбай Жээнбеков буйрукка кол койду.

Белгилей кетсек, буга чейин А.Курманов Кыргызстан Президентинин жардамчысы кызматын ээлеп келген.

Директордун мурунку орун басары Калыбек Алышбаев «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, ошондой эле башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан бошотулду.

Добавить комментарий