Каалагандай курушат: курулуш компанияларынын ээлери Бишкек шаардык кеңешинде отурушат

Депутат Улугбек Ормонов Бишкекглавархитектура эмне үчүн Мамлекеттик курулуш комитетине өткөрүлүп бериле электиги жөнүндө айтты.

Эл өкүлүнүн айтымында, Бишкекглавархитектураны Мамкурулушка өткөрүп берүүгө Бишкек шаардык кеңеши макулдук бербейт, анткени ал жерде негизинен курулуш компанияларынын ээлери отурушат. Ал мындай пикирин 2020-жылдын 22-декабрында Транспорт жана курулуш боюнча ЖК комитетинин жыйынында билдирди.

“Бул алар үчүн абдан ыңгайлуу, алар каалагандай курушат. Ошондуктан, алар БГАны өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алгылары келбейт. Ошондуктан, президенттин деңгээлинде чечим кабыл алынышы керек. Болбосо, шаарда башаламан курулуш жүрүп жатат”, – деди ал.

Депутаттар бир күндү тандап, бардык өкүлдөрдү ушул маселени чечүүгө чакырууну сунушташты.

“БГА дагы, мэрия дагы келген жок. Советтер Союзунун убагында кимдир бирөө өкмөттүн токтомун аткарбаса, анда ал үчүн атылып кетишмек. Азыр эч ким баш ийбейт, эч ким буйрукту аткарбайт. Прокуратурага бул иштин бардык материалдарын иликтөөнү тапшыруу керек, мунун баарына ким тоскоол болуп жаткандыгын аныктасын. БГА жооп берсин”, – деди депутат Нурбек Тотонов.

Добавить комментарий